Бишкекте кар тазалоочу унаа жолтандабастын бир капталын кесип кетти

Бүгүн, 15-февралда Бишкекте саат 8:30да Койбагаров менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалык” ишканасынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы орун алды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кар тазалоочу унаа жолтандабастын бир капталып кесип кеткен. Жол кырсыгы каттоого алынып, эки унаа тең айып аянтчасына киргизилди.
Жол кырсыгынан жабыркагандар катталган жок.