Бишкекте күйүүчү май сактаган кампа өрттөнүп жатат (сүрөт)

Бишкек шаарында ири өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Учурда борбор калаанын Биринчи май районундагы Темирязев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган кампа өрттөнүп жатат.
“Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, ККББдан ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ИИМ кызматкерлери тартылган. Кошумча маалымат кийинчерээк беребиз”, – деп айтылат маалыматта.
Азырынча жабыркагандардын бар же жок экендиги боюнча айтыла элек.