Бишкекте элдик курултай өтүп жатат. Ага 1 072 делегат катышууда

 Бишкекте элдик курултай өтүп жатат. Ага 1 072 делегат катышууда

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Биринчи Элдик курултайга өлкө аймагынан келген 1 072 делегат катышууда. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чараны ачып жатып билдирди.

Касмамбетовдун айтуусунда, уюштуруу комитетинин дарегине 1 612ден ашык кайрылуу келип түшкөн. Курултайга жалпысынан 1072 делегат шайланды.

Алардын ичинен Баткен облусунан 71, Жалал-Абад облусунан 147, Нарын облусунан 128, Ош облусунан 179, Талас облусунан 76, Чүй облусунан 218, Ысык-Көл облусунан 127, Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30, эмгек мигранттарынан 26, конфессиялык уюмдардан 10 делегат шайланып келди.

Делегаттардын курамы аялдардын 150дөн ашуун, эркектердин 924 өкүлүнөн турат.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар