Бишкекте дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды    

 Бишкекте дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды    

Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка караганда, объектини 2023-жылдын апрель-май айларында пайдаланууга берүү пландалууда.

«8 кабаттуу имараттын каркасы мурда эле бар болчу, аны 12-кабатка көтөрүү пландалууда», — деп билдирди министрлик.

Саламаттыкты сактоо министри Адымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, курулуш иштери аяктаганга чейин мекеме медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу тартибин аныктайт. «Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржылоо булактарын аныктоодо кийинки этаптарда дагы бир үй куруу пландалууда», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев бул үйдү өз каражатына кура турганын айткан. Анын айтымында, ал үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө 130 коттедж саткан.

Жанылыктар