Бишкекте батирден аял кишинин сөөгү табылды

 Бишкекте батирден аял кишинин сөөгү табылды

Бишкекте бекилип калган батирдин ичинен аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда куткаруучулар 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан үйдүн 108-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен аял кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

Жанылыктар