Бишкекте баңгизат уурдоого шектелген милиция кызматкери камалды

 Бишкекте баңгизат уурдоого шектелген милиция кызматкери камалды

Башкы прокуротуранын басма сөз кызматы баңгизат уурдоого шектелген милиция кызматкери камакка алынганын кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы ИИМдин ички коопсуздук кызматы менен биргеликте текшерүү жүргүзүлгөн.

Анда Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери кылмыш иш боюнча буюм далил катары өткөрүлүп берилген салмагы 10 кг. 758 гр. “гашиш” түрүнө кирген баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында атайын сактоочу камерадан уурдагандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (“Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу”) менен кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук ИИБнын башкармалыкты камсыздоонун старшинасы М.С.С. камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жанылыктар