Бишкекте аялга кол салган эркек киши тасмага түшүп калган. Милиция шектүүнү издеп жатат (Видео)

Социалдык түйүндөрдө Бишкектин 5-кичирайонунда аялга кол салуу болгон видеокөзөмөл камераларынын кадрлары тарап жатат.
Кадрдан көрүнүп тургандай, белгисиз адам көп кабаттуу үйдүн кире беришинин алдында турган аялдын жанына басып келген. Аял менен кыска сүйлөшүп, андан соң аны муунта баштаган. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, шектүүгө издөө жарыяланды.
Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция кол салууга шектүүнү издеп жатат.