Бишкекте атышуу болуп, бир жаран жандандыруу бөлүмүнө түштү

Мунун алдында шаардык ички иштер башкармалыгы май куючу жайлардын биринде бир жарандын машинесин коркутуп тартып алууга шек саналган уюшма кылмыш топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Милиция алар мурда дагы соттолгонун, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка кишилер изделип жатканын кабарлаган.
Июнь айында Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап, криминогендик кырдаал курч бойдон калып жатканына байдланыштуу маселе көтөргөн. Айрыкча уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, абак жайларын толук көзөмөлдөөгө өткөнү сөз болгон.