Бишкекте 9-кабаттан кулаган мектеп окуучусу көз жумду

 Бишкекте 9-кабаттан кулаган мектеп окуучусу көз жумду

Бишкекте 9-кабаттан кулаган мектеп окуучусу көз жумду. Бул тууралуу   Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-майда саат 08:10дор чамасында “102” кызматына борбор калаанын Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан өспүрүм кулап, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, каза болгон өспүрүм 14 жаштагы Н.И., экендигин тактаган.

Аталган факты маалыматтын электрондук журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө иштери уланууда.

Жанылыктар