Бишкекте 18 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап, жаракат алды

 Бишкекте 18 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап, жаракат алды

Бишкек шаарында 18 жаштагы кыз Исакеев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Б.С. атуу жаран көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батиринин балконунан 1- кабатта орнотулган чатырына кулап түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, кызды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы канааттандыраарлык экени айтылды.

Жанылыктар