Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 18 жаштагы кыз куткарылды

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 18 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июнда саат 06:35 чамасында Логвиненко көчөсүндө көп кабаттуу имараттын 10-кабатынан белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракеттенүүдө деп кабар «112» кызматынан түшкөн.
Окуя катталган жерге дароо эле Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, 11-кабаттан 10-кабатка атайын альпинисттик шаймандар менен 18 жаштагы кызды түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.