Бишкекте өрттөн бир киши каза болду

 Бишкекте өрттөн бир киши каза болду

Кечээ, 27-февраль күнү Бишкекте өрттөн бир жаран каза болгонун өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү кызматына Биринчи май районунун Манас көчөсүндө жайгашкакн турак үйдөн өрт чыккандыгы боюнча маалымат келген. Жерине өрттү өчүрүүгө №8 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 22:05 өрт чектөөгө алынып толук 22:32 өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен  49 жаштагы К.А. аттуу эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жалпы 20 ч.м. курулуш чарбанын чатыры толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жанылыктар