Бишкекте өрттөн 40 жаштагы жаран каза болду

Бишкек шаарында өртөн 40 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү Свердлов районунун, Дачная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 2 өрт өчүрүүчү эсеп жана штаб тартылган.
Өрттүн кесепетинен турак үйдүн ичинде өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 1983-ж.т. З.Д. аттуу эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылган, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Жалпы турак үйдүн үч бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби учурда такталууда.