Бишкекте өрт өчүрүүгө бара жаткан автоунаа кырсыкка кабылды

 Бишкекте өрт өчүрүүгө бара жаткан автоунаа кырсыкка кабылды

Кечээ, 24-апрелде Бишкекте өрт өчүрүүгө бара жаткан өрт өчүрүүчү атайын унаа жеңил унаа менен кагылышып кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-6 көчөсүн турак жай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Кырсык катталган жерге Свердлов районунун №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам куткаруучулар дароо чыгышкан.

Кырсыктын кесепетинен атайын өрт өчүрүүчү унаасы капталына аласалып, үч өрт өчүрүүчү куткаруучу жабыркаган. Жардам көрсөтүү үчүн “Тез жардам” кызматы келип, медициналык кароодон өткөрүүгө №4-шаардык ооруканага алып кетишкен. Медициналык кароодо жеңил жаракат алган жыйынтык менен үйлөрүнө жиберилген.

Эскерте кетсек: белги берүүчү жарк эткен маяк жана атайын үн сигналы бар унаалардын бардык өлкөлөрдүн жол кыймылынын эрежелери тарабынан жалпы жол эрежесинен бир катар өзгөчөлүктөр менен камсыз кылынган. Атап айтканда, кимдир бирөөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жол чырагынын белгилерине карабай өтүү укугу берилген. Көгүлтүр түстөгү жаркыраган жана атайын үн сигналы күйүп турган транспорт каражатына жакындаганда айдоочулар көрсөтүлгөн транспорт каражатынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн жол берүүгө милдеттүү.

Жанылыктар