Бишкекте үч кишини өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды

 Бишкекте үч кишини өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды

Эне жана эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү эки айга тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган. Шектүү жаран А.Ч. 16-апрелге чейин камакта болот.

16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталган. Милициянын тергөө ыкчам тобу кароо жүргүзүп, аталган даректе үч кишинин сөөгү табылган. Алар энеси, кызы жана уулу экени, алардын денесине оор залал келтирилгени аныкталган.

Жанылыктар