«Бишкексууканал» башкармалыгындагы коррупциялык схема. Өлкө казынасына 311 млн сом зыян келген

 «Бишкексууканал» башкармалыгындагы коррупциялык схема. Өлкө казынасына 311 млн сом зыян келген

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жооптуу адамдары жеке курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, 2018-2021-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы 23гө жакын курулуш объектилерине техникалык шарттарды, кошулууларды муниципалдык ишкананын бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөнү жашыруу жолу менен беришкени аныкталган.

Мыйзамсыз иштерди жашыруу максатында «БСК» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жооптуу адамдары тарабынан курулуш объектиси ийгиликтүү кошулган.

Андан кийин башка тиешелүү уруксаттарды алгандан соң, мурда берилген техникалык шарттар кайра кайтарылып алынган, бирок курулуп жаткан (аякталган) объекти иш жүзүндө тармактарга туташкан бойдон  калат.

Бул коррупциялык механизмдин иштешинин натыйжасында 20га жакын курулуш компаниялары тарабынан «БСК» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын бюджетине 311 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.  Ошондой эле бул коррупциялык схеманы уюштурган «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлерин да жоопкерчиликке тартуу каралууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы №54 токтомуна ылайык, калаанын түштүк аймагында курулуп жаткан объектилерден «БСК» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын тармактарына кошуулуу үчүн түшкөн акча каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо» долбоору боюнча алынган насыяларды пайыздары менен төлөөгө, суу менен камсыздоо жана канализациянын магистралдык жана бөлүштүрүүчү тармактарын курууга жумшалышы керек болчу.

 

Жанылыктар