«Бишкек жашыл чарба» ишканасынын эсепчилери ашыкча эмгек акы жазып, акчаны өздөрү алып жүргөн

УКМК «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси жана эсепчиси мамлекеттин акчасын уурдоого шектелип кармалганын билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын башкы эсепчиси А.Э.О менен эсепчиси А.А. коштомо каттарды, маяна ведомостун жасоо жолу менен кызматкерлерге ашыкча эмгек акы жазып, ал акчаларды өздөрү алып коюшкан. Мунун негизинде өлкө казынасы 800 миң сомдон ашуун зыянга учураган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү менен иш козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Э.О. күнөөсүн мойнуна алган. Ошол эле учурда күнөөлүүлөр алган акчаларын мамлекетке кайтарып берген.
Учурда тергөө аяктап, иш сотко өткөрүлүү алдында турат.