Бишкек жана Ош шаарында мектеп директорлорулугуна сынактан өткөндөр аныкталды

 Бишкек жана Ош шаарында мектеп директорлорулугуна сынактан өткөндөр аныкталды

Бишкек жана Ош шаарындагы мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен билдиришти.

Анда айтылгандай, Ош шаарындагы компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 11 талапкер 60 пайыздык босого баллдан өттү. Эң жогорку көрсөткүч – 77,5 пайыз болду.

Бишкек шаары боюнча конкурска 129 талапкер катышып, 3 адам сынакка келген жок. Жыйынтыгында 42 адам сынактан ийгиликтүү өттү.

Белгилей кетсек, жетекчилерди тандоо сынагы өлкөдөгү 966 мектепте өткөрүлдү. Жыйынтыгында талапкерлердин 65 пайызы тесттен өткөн жок. Эми конкурстун экинчи айлампасы сентябрь айында улантылат.

Өлкө башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, 5 жылдан ашык иштеген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчилер сынак аркылуу дайындалат.

Жанылыктар