Бишкек жана Ош шаарларында мектеп директорлорун тандоо жыйынтыкталды

 Бишкек жана Ош шаарларында мектеп директорлорун тандоо жыйынтыкталды

Мектеп директорлорун тандоо сынагынын экинчи айлампасында Бишкек шаарында 60, Ош шаарында 16, Баткен облусунда 52 талапкер босого баллдан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тестирлөө билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү.

Борбор калаада тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өттү. Андан сырткары, Чүй, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы атайын, атайын көмөкчү мектеп-интернаттарындагы бош ваканттык орундарга 10 талапкер тестке катышууга чакыруу алса, 9 талапкер катышып, 1 талапкер келген эмес. Тестке катышкан 9 талапкер тең 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүшкөн.

Ош шаары боюнча тестирлөөгө 27 талапкер катышып, анын ичинен 16 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү.

Баткен облусунда тестирлөөгө 151 киши катышып, алардын ичинен 52 талапкер ийгиликтүү тапшырган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар