Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы көбөйөт

 Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы көбөйөт

Бишкектен Жалал-Абадга күн сайын учак каттай баштайт.  Бул тууралуу “Манас” эл аралык майданынын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, кыргызстандык TezJet компаниясынын учагы 1-июлдан тартып күн сайын Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек каттамында уча баштайт.

Учурда Жалал-Абадга борбордон жумасына үч жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби) учак каттайт.

Жалал-Абад Кыргызстандагы ири аймактардын бири.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында бардык аба майдандардын инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилерин билдирген.

Жанылыктар