Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

 Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» мамлекеттик мекемесинин эксплуатация бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын эксплуатация бөлүмүнүн башчысы М.К.Ж., 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

“Кылмышка шектүү айдоочуларга дайыма психикалык кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен, ошондой эле каттамдан четтетүү же жумуштан кетирем деп айдоочулардан акча каражатын талап кылып турган”,-деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүгө карата “Пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп,  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар