Бишкек: Синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен бир жаран кармалып, анын жанынан 95 грамм «Альфа-ПВП» психотроптук каражат табылган.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын үйү тинтүүгө алынып, баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталган. Үйдөн химиялык каражаттар жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү үчүн жабдыктар (суюктук, тараза, идиштер, респиратор жана башкалар) табылган.
Кармалган жаран буга чейин 347 грамм болгон «Альфа-ПВП» психотроптук каражатты катып койгон көмүскө жайды көрсөтүп берген. Алынган психотроптук каражаттын жалпы салмагы 471 граммды түзүп, ал 1,5 млн. сомдон ашык суммага бааланды. Ошондой күрөң түстөгү белгисиз суюктук зат куюлган 6 канистр табылган. Кийин экспертизанын корутундусуна ылайык, 2 канистрде суюктук түрүндөгү «Альфа-ПВП» психотроптук каражаты, ал эми 4 канистрде аны даярдоо үчүн колдонулган химиялык заттар болгон.