Бишкек шаарында жол эрежесин бузгандарга 90,9 миллион сом айып салынды

2021-жылдын январынан ноябрь айына чейин Бишкек шаарында жол эрежесин бузгандарга 90 миллион 969 миң 202 сом айып салынган. Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпысынан бул мезгилде мыйзам бузуулар боюнча 262 556 протокол түзүлдү:
мас абалында унаа башкаруу – 2 миң 815;
айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдоо – 2 миң 911;
автобейбаштык – 62;
алдыңкы капталдары жана алдыңкы айнектери караңгылатылган унааны башкаруу – 624;
жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчилер – 4 миң 896;
башка мыйзам бузуулар – 251 миң 248.
Маалым болгондой, айып короого 21 миң 16 унаа жеткирилген. Ошондой эле, ушул жылдын 10 айында Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 2 миң 660 кылмыш жана тартип бузуу каттаган.
Эске сала кетсек, «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.