Бишкек шаары коронавирус боюнча жашылдан сары зонага кирди

Бишкек шаары коронавирус боюнча жашылдан сары зонага өттү. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
«Борбор калаада калк жыш жайгашкандыктан, миграциялык агым күч болгондуктан сары зонага өттүк. Кыргызстандын башка аймактары жашыл зонада турат. Соңку бир күндө 128 адамдан коронавирус аныкталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу анча көп эмес. Өтө катуу кооптонууга негиз жок», — деди Касымбеков.
Эгер муктаждык жаралса жарым-жартылай чектөө кирип, бет кап тагынуу, кеңседе иштеген адамдар 10дон ашса калганын онлайнга которуу мүмкүндүгүн айтты.