Бишкек – Ош жолундагы кырсыктан эки жаран каза болуп, 10 адам жабыркады

 Бишкек – Ош жолундагы кырсыктан эки жаран каза болуп, 10 адам жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болуп, 10 жаран жабыркады. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-майда саат 18.30дар чамасында Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнөн өткөн Бишкек-Ош автожолунун 554-чакырымында Mitsubishi жана Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Жеринде Mitsubishi автоунаасынын айдоочусу 1961-жылы туулган А.К. жана Honda Stepwagon унаасынын жүргүнчүсү 2021-жылы туулган А.Э. аттуу ымыркай алган жараттарынан улам каза болуп калышкан.

Ошондой эле Honda Stepwagon`дун айдоочусу жана 9 жүргүнчүсү денелеринен ар түрдүү жаракаттарды алып, райондук ооруканага жаткырылган.

Жанылыктар