Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, тыгын жаралды

 Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, тыгын жаралды

Ош-Бишкек  трассасында MAN үлгүсүндөгү фура чиркегичи менен кошо оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан улам саат 9:00дөн бери 500дөн ашуун автоунаа өтө албай туруп калган.

Жол кырсык Токтогул районунун Беке-Чал айылында катталган.

Жолду ачуу  үчүн жеринде куткаруучулар, автокран жана жүктөгүч иштеп жатат. Айдоочусу жаракат алган эмес.

Жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат.

Жанылыктар