Телерадиокомпания

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады.

 Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады.

Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталды. Андан бир адам каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсыкта «Мерседес-Бенц Гигант» менен «Лексус RX-350» кнаалары кагышкан. Кесепетинен «Лексустун» айдоочусу каза таап, дагы үч адам жаракат алган.

Окуя болгон жерде унаа жолдун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучуларды даярдаган мамлекеттик борбордун кызматкерлери иш алып барган.

Жанылыктар