Сосновкада унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүп, Чүй облсунун Жайыл районунун «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постунда унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн 18-февралда саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунун, Токтогул районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн, Шаркыратма тилкеси, учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда.
Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымындагы кар көчкүнү тазалап бүтүп, 223-чакырымга барышат.
Жерине №23 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылган.