Бишкек – Ош трассасында жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду

Бишкек – Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кырсык Бишкек – Ош жолунун 210-чакырымында Ала-Бел ашуусунда болгон. Анда “Мерседес-Бенц” жана “Хонда Стрим” унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза тапты.
Башка каза болгондор:
– 1949-жылы туулган жубайлар – О.К. жана И.К.
– “Хонда Стримдин” айдоочусу 1987-жылы туулган К.М.Д.
– 1965-жылы туулган аял К.Ф.Б.
– 2001-жылы туулган кыз У.К.С. жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Ошондой эле ооруканада жаракат алган эки кыз КР ИИМ Академиясынын курсанты Б.А.Ж. 2003-жылы туулган кыз Б.А.Т. 2016-жылы туулган.