Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунда жеңил унаа күйүп, бир аял жабыркады

Кемин районундагы Боом капчыгайында жол кырсыгына кабылган унаа толугу менен күйүп, аял киши күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 114 чакырымында болгон. Анда АУДИ 100 S4 жеңил унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун тосмосун сүзүп, унаадан өрт чыккан.
Жерине №5 ӨКБнөн 1 бөлүм саат 09:30да чыгып, саат 09:57де жетип, саат 10:03тө өрттү чектөөгө алып, саат 10:05те толук өчүрүштү.
Маалыматта өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган О.Т. аттуу аял киши денесинен күйүк алганы айтылат.