Бишкек менен Ошто мектеп директорлорун тандоонун экинчи айлампасы жарыяланды

 Бишкек менен Ошто мектеп директорлорун тандоонун экинчи айлампасы жарыяланды

Бишкек, Ош шаарлары боюнча мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынактын экинчи айлампасы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди ушул жылдын 29-сентябрынан 9-октябрь, саат 18:00гө чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүшү керек:

Бишкек шаары – konkurs2.bishkek.2022@gmail.com 

Ош шаары – konkurs2.g.osh.2022@gmail.com 

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Белгилесек, Бишкек шаарында 16, Ош шаарында 6 мектеп директорунун орду бош.

Жанылыктар