Бишкек: Куралдуу күчтөрүнүн дагы бир аскери каза болду

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 18-августта болжол менен саат 22:10до катталган.Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жараттын кесепетинен жеринде каза болгон.Министрликтен кошумчалашкандай, учурда кызматтык иликтөө дайындалган. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.