Телерадиокомпания

Бишкек-Дели багыты боюнча алгачкы рейс учуп келди

 Бишкек-Дели багыты боюнча алгачкы рейс учуп келди

19-ноябрь күнү ата мекендик жаңы «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек — Дели багыты боюнча алгачкы рейси учуп келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Чартердик каттам Airbus А320 аба кемесинде ишке ашырылды.

Авиакомпания Бишкек– Дели– Бишкек маршруту боюнча каттамдарды ар жума сайын ишке ашырууну пландоодо.

Белгилей кетсек, тийиштүү иштердин жыйынтыгында ушул жылдын 5-ноябрында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсы КРнын Жарандык авиация департаментинен эксплуатантынын сертификатына (АОС) №57 ээ болгон.

Жанылыктар