Бишкек: Адам өлүмүнө шектелип жети киши кармалды, бешөө кыздар

 Бишкек: Адам өлүмүнө шектелип жети киши кармалды, бешөө кыздар
Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы кафелердин биринде өткөн түнү мушташ болуп, эркек киши көз жумду. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Шектүүлөр эркек кишинин өлүмүнүн алдында мушташ болгонун айтышкан. Башында каза тапкан адам барда отурган кыздардын бирине кол көтөргөн. Ал кыз жакындарын чакырып мушташ чыгып кетип, жыйынтыгында башында кызга кол көтөргөн киши көз жумган.Адам өмүрүн кыйган окуя Свердлов райондук ИИБге катталып, тергөө иштери башталды.

Жанылыктар