Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү пара алып жаткан учурда кармалды

 Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү пара алып жаткан учурда кармалды

УКМК кызматкерлери  85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. ны кармады.
Тергөөчү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В. аттуу жаран кайрылган.
Кармалган А.Д.Б. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Жанылыктар