Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

 Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

Биринчи май РИИБнин кызматкерлери системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. массаждык салондордун ээлеринен аларды “калкалоо үчүн” системалуу түрдө опузалап акча алуу фактысы боюнча кармалышты.

Тагыраагы, борбор калаанын массаж салондорунда негизсиз рейддерди жүргүзүшкөн, негизги максат катары аларды “калкалоо үчүн” ай сайын акы алып туруу болгон. Акынын баасы 500дөн 1000 АКШ долларына чейин болгон.

«Массаждык салондордун ээлери менен Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы өзү сүйлөшүп, өзүнүн кызмат абалын колдонуп, иштеп жаткан бизнесин мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын “акы төлөө” шартын койгон. Салон ээлери баш тарткан учурда, түшкөн арыздык материалдардын негизинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп, аларды камакка алуу түрүндөгү кесепеттерге алып келет деп коркутушкан»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык  УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар