Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанда элчилигин ачууга кызыктар    

 Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанда элчилигин ачууга кызыктар    

Кечээ, 1-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси (резиденциясы Ташкентте) Саид Матар Аль-Камзи менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда БАЭнин элчилигин ачуу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүштү.

Ошондой эле, Артыкбаев туризмди өнүктүрүү, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу максатында чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу укуктук климатты жана кепилдиктерди түзүү, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, эки өлкө ортосунда аба каттамдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелерге токтолду.

Мындан сырткары, кыргыз-эмират кызматташтыгына байланыштуу башка суроолор да талкууланды.

Жанылыктар