ОшТВ телерадиокомпаниясы

Бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкердин ишенимдүү адамы добуш сатып алуу боюнча кармалды

 Бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкердин ишенимдүү адамы добуш сатып алуу боюнча кармалды

УКМК тарабынан шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкер Т.Э. Дайырбековдун ишенимдүү өкүлү “П.А.Д.” кармалды. Такталгандай, “П.А.Д.” ЖК депутаттыгына талапкердин штабынын расмий эмес кызматкери болуп, КР айрым жарандарын мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды акчалай сыйлыкка сатып алуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды.

Ошол эле учурда, штаб катары пайдаланылган жайларды жеке тинтүү учурунда, шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Жанылыктар