Бир мандаттуу округдан катышкан 166 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылат

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бир мандаттуу округдарда 5%дан ашык добуш алган 166 талапкерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул туурадуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамдарга ылайык, шайлоочулардын 5%дан кем эмес добушун алган талапкерлерге, ошондой эле шайлоо жараксыз деп таанылган учурда күрөө кайтарылып берилет.
Бул жолку Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышкан. Алар БШКнын депозиттик эсебине 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн салган, жалпы сумма 28 миллион 200 миң сомду түздү.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 5%дан кем эмес добуш алган талапкерлердин саны 155ти түздү. Алардын ар бирине 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.
Мындан сырткары №27 Биринчи май округу жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча катышкан 11 талапкерге да күрөө кайтарылат. Бул округдарда «баарына каршы» добушу көбүрөөк болгон, ошондуктан бул округдар боюнча кайра шайлоо өткөрүлөт.
Талапкерлерге кайтарылып бериле турган күрөөнүн жалпы суммасы 16 миллион 600 миң сомду түзөт.
5%дан аз добуш алган бир мандаттуу талапкерлерге акча кайтарылып берилбейт. Андыктан калган 11 миллион 600 миң сом республикалык бюджетке чегерилет.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-нобярда өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат катышты.