Телерадиокомпания

Бир мандаттуу округдан дагы 3 талапкер шайлоодон четтеди. Кимдер?

 Бир мандаттуу округдан дагы 3 талапкер шайлоодон четтеди. Кимдер?

Бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы үч арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы, 25-ноябрда билдирди.

Кечээ, 24-ноябрдагы Боршайкомдун жыйынында талаперлер Талантбек Борочоров (№33 Нарын шайлоо округу), Шаршенбек Абдыкеримов (№33 Нарын шайлоо округу) жана Атыркүл Ибраимованын (№23 Москва шайлоо округу) арызы каралды.

Шайлоо өнөктүгү башталган 29-октябрдан бери 36 бир мандаттуу шайлоо округдарынан 30дан ашуун талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. БШК бюллетень басылып чыгарылганга чейин шайлоодон четтеген 15 талапкердин күрөөгө койгон 100 миң сомун кайтарып берет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Жанылыктар