Бир аптада Кыргызстанда 3,5 миңден ашуун орус жараны каттоого турду

 Бир аптада Кыргызстанда 3,5 миңден ашуун орус жараны каттоого турду

21-сентябрдан бери Кыргызстанда Орусиянын 3,5 миңден ашуун жараны каттоого турду. Бул тууралуу Азаттык радоисуна Санариптик өнүгүү министрлигинен билдирген.

Эреже боюнча, Кыргызстанга келген орусиялыктар 30 жумушчу күнү аралыгында каттоосуз жүрө алышат. Андан соң алты айга каттоого турушат. Алты ай өткөндөн кийин же өлкөдөн чыгып кетүүгө, же каттоосун дагы жарым жылга узартууга милдеттүү.

Министрликтин эсебинде, быйыл сегиз айда Кыргызстанга келип, каттоого тургандардын саны 170 миңге чамалайт.

“Бул жаңы катталгандар менен кошо каттоосун узарткандардын жалпы эсеби экенин белгилейбиз”, – деп билдирген министрликтин басма сөз катчысы Дамира Азимбаева.

2021-жылдын сегиз айында 141 орусиялык каттоого турган.

Жанылыктар