Бирөө каза таап, 10 адам жабыркаган. Костанайда өзгөчө кырдаал жарыяланды

 Бирөө каза таап, 10 адам жабыркаган. Костанайда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстандын Костанай облусунда токой өртүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эвакуацияланган 1 800 кишинин 200дөйү мектептерге жайгаштырылган. Бир бөлүгү үйлөрүнө кайткан, айрымдары туугандарыныкына кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 108 турак жайда учкун тутанып, 98 үй толугу менен күйүп кетти.

Жергиликтүү бийлик жабыркагандар компенсация же жаңы турак жай талап кыла аларын билдирди. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов үйлөрдүн курулушун баштап, аларды кыска мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Табият кырсыгынын кесепетинен бир адам каза таап, он адам жабыркады.

Эске сала кетсек, Костанай облусунда тилсиз жоо  2-сентябрда чыккан. Анда Казанбасы айылынан 20 чакырым жердеги токтойдон өрт чыгып, тездик менен жайылган. Кийин жалын жакын арадагы калктуу конуштарды каптаган, 1 800 киши эвакуацияланган.

Жанылыктар