Бирөө каза болгон. Лейлекте эки адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылында жолдун жээгинде жөө бара жатышкан 23 жана 16 жаштаны эки жаранды автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды.
Милициянын маалымат кызматынан билдиргендей, окуя 19-январда кечки саат 20:30 чамасында катталган. Жол кырсыгынын натыйжасында С.М. аттуу жаран окуя болгон жерде каза болуп, А.Р. аттуу жаран Кулунду аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.
Окуя болгон жерден изин жашырып, качып кетке айдоочу табылып, автоунаасы айып короого киргизилген. Ал эми айдоочу М.С. тергөөгө өткөрүлүп берилген.