Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

 Бильярд боюнча  дүйнө чемпионаты өтөт

Чолпон-Ата шаарында бильярд боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, 12-15-июль күндөрү “Эркин пирамида” U-19 оюндары өткөрүлөт. Оюндар саат 10:30да “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда башталат.Ал эми чоңдор арасында бильярддын “Динамикалык пирамида” түрүнүн расмий ачылышы 16-июлда саат 17:00дө болот. Бул оюндар ушул эле мекемеде 20-июлга чейин уланат.Жалпысынан мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, Россия, Беларусь, Латвия, Молдавия, АКШ, Германия, Испания, Түштүк Корея, Пакистан, Индия, Ирак, Иран, Монголия, Түркмөнстан, Афганистан, Түркия, Азербайжан, Грузия, Сербия, Армения жана Румыниянын 240ка жакын спортчусу катышары күтүлүүдө.

Жанылыктар