Билим берүү жаатында айлык 80%га жогорулайт. Учурда каржы булагы такталууда

 Билим берүү жаатында айлык 80%га жогорулайт. Учурда каржы булагы такталууда

Өлкөдө 1-апрелден тарта билим берүү кызматкерлеринин айлыгы 80%га жогорулатылат. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 24-мартта Министрлер кабинетинин антикризистик планы талкууланган жыйында айтты.

Анын маалыматына караганда, жалпы 309 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт. Алар: мугалимдер, дарыгерлер, чыгармачыл адамдар, социалдык тейлөөнүн адистери.

Айлык маянаны көтөрүү үчүн жалпы 26 млрд сом керектелет. Учурда каржы булагы такталууда.

«Мисалы, жаңы модель менен эсептегенде жаңы иштеп баштаган мугалим 20 миңдин тегерегинде айлык алат. А азыр андай мугалдимдер 7 миңге чейин эле алышат», — деди министр.

Жанылыктар