Билим берүү министрлиги аккредитациялоонун автоматташтырылган системасын сыноодон өткөрөт

Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 5-сентябрдан тарта Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасын пилоттук режимде ишке киргизет. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, мурдагыдай министрликке келип кагаздарды тапшыруу талап кылынбайт. Баардыгы электрондук форматта гана болот.
Аккредитациялоо секторунун башчысы Бактыгүл Акулова бул система билим берүү уюмдарын жана программаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо процесстерин санариптештирүүнүн алкагында иштелип чыкканын белгиледи.
“Арыз берүү үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси (директору) булуттуу санарип кол тамга алып, аккредитациялануучу уюмду системага каттайт. Андан кийин өзүн-өзү баалоонун материалдарын системага киргизет. Ал эми аккредитациялоодон өтүүгө арыз автоматтык түрдө иштелип чыгат. Системадан арызды жөнөтүү баскычын басуу менен документ Билим берүү жана илим министрлигине келип түшөт”, — деди Бактыгүл Акулова.
Билим берүү уюмдары аккредитациядан өтүү үчүн арызды www.asula.edu.gov.kg аркылуу электрондук түрдө жөнөтө алышат.
Бул система аккредитациялоо ишинде объективдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыздоого, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга салым кошору күтүлүүдө