Билим берүү министринин биринчи орун басары дайындалды

Билим берүү министринин биринчи орун басары кызматына Уланбек Усеков дайындалды.
Бүгүн, 24-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Усековду министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды.
“Алдыңызда турган жоопкерчиликтүү милдетти так аткарып, элибизге татыктуу кызмат өтөйсүз деген ишеничтебиз. Билим берүү тармагы – эбегейсиз чоң система. Эмгек жамаат менен мыкты жумуш алып барып, тармактын алдыга жылышына, буга чейинки жүргүзүлүп жаткан, аягына чыкпай калган жумуштарды аягына чыгарасыз деген үмүттөбүз”, – деди Байсалов.
Белгилей кетсек, күн мурун мурдагы биринчи орун басар Талантбек Бекташов башка кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулган.