Беш миллион долларлык дары ашып калган. Осмонов Бейшеналиевдин ишин сынга алды

 Беш миллион долларлык дары ашып калган. Осмонов Бейшеналиевдин ишин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин сынга алып, 2020-2021-жылдары пандемия учурунда баасы беш миллион долларга жакын дары-дармек ашып калганын айтты.   

Эл өкүлү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди дары-дармектерди убагында иштете албай, ооруган жарандарга өз убагында жеткире алган эмесиңер деп сынга алды.

“Бизде каржыбыз тартыш болуп турат. Мен билгенден 2020-2021-жылдары беш миллион долларга жакын дары-дермек ашып калган. Бул деген силердин ишиңер жакшы эмес деген. Ошону убагында иштете алган эмесиңер. Биз башка мамлекеттен карыз сурап жүрөбүз. Силер ашырып жүрөсүңөр. Убагында ооругандарга жеткире алган эмесиңер”,- деди Осмонов.

Бейшеналиев эл өкүлүнө жооп берип, ал министрлик кызматка келгенге чейин 1-2 протокол менен чоң каражатка дары алып коюшканын, ал дарылар азыркы кезде колдонулбай калганын билдирди. Ошондой эле беш миллион доллардан да көп карыз экенин белгиледи.

“Бул боюнча бизде аябай көйгөй болуп жатат. Анткени матрезервдерден ар бир ооруканага 10 миң сомдон, колдонулбай калган дары-дермектердин бүт баары учурда Кыргызстан боюнча миллиондогон суммадагы каражаттар турат. Аны биз дагы билбей жатабыз кантип чечебиз. Анткени алып келгендердин баары ооруканаларга айтып жатат. Кээ бирлери акча бергиле деп жатат кээ бири соттошуп жатат”,- деди Бейшеналиев.

Жанылыктар