Белгиси бар бет кап боюнча териштирүү иштери  башталды

 Белгиси бар бет кап боюнча териштирүү иштери  башталды

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов брифинг учурунда добуш берүүгө келген шайлоочунун беткабындагы белги туурасындагы суроого жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев №1117 шайлоо тилкесине белгиси бар бет кап тагынган топ келгенин социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган болчу.

Ички иштер министрлигинин өкүлү  жалпысынан 15 маалымат түшкөнүн айтып, бул боюнча дагы кайрылуу келгенин белгиледи.  Учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын,  дагы кошумча маалымат берилээрин айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Жанылыктар