Беларусия үчүнчү дүйнөлүк согуш коркунучун эскертти

 Беларусия үчүнчү дүйнөлүк согуш коркунучун эскертти

Эгерде өлкөлөр коопсуздук жөнүндө ойлонбосо жана пикир келишпестиктерди диалог аркылуу чечүүгө киришпесе, дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согушка жетет. Бул тууралуу Беларусиянын тышкы иштер министри Владимир Макей «Известияга» берген маегинде билдирди.

“Шарль де Голль, Конрад Аденауэр, Ангела Меркель сыяктуу улуу инсандар пенсияга чыгышты. Азыркы лидерлердин баары стратегиялык чечим кабыл ала алышпайт, тигил же бул кырдаалда эмне маанилүүрөөк экенин аныктай алышпайт. Бүгүн биз коопсуздуктун негизги маселеси: биздин аймакты жана планетаны кантип сактап калуу жөнүндө ойлонушубуз керек. Эгерде биз токтоп калбасак, анда  үчүнчү дүйнөлүк согуш башталат. Биз аны каалабайбыз”, – деди Владимир Макей.

Беларусиянын тышкы иштер министри өлкөлөр ар кандай көйгөйлөрдү сүйлөшүү жана жакшы коңшулаштыктын духунда чечүү жолдорун табууга милдеттүү экенин баса белгиледи.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар